Кочкор районунда 4 жашар бала өрт кырсыгынын келип чыгышына себепкер болду. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдирди.
Маалыматка ылайык, Чолпон айылындагы жеке короолордун биринен 4 тонна саман күйүп кеткен. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр келип, тилсиз жоо менен 3 саат алпурушту.
Тилсиз жоонун келип чыгышына 4 жаштагы баланын кошуна үйдүн жанына от жагып ойногону себеп болгон.