Эртең Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Эртең, 6-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"6-июнда саат 09:00дөн 22:00гө ЧЧК - Аул көчөсү - Элебесов көчөсү - Каражыгач токою менен чектешкен аймакта, анын ичинде Керамика, Чалбай, Кайынды, Суворов конуштарында ичүүчү суу токтотулат" - деп айтылат билдирүүдө.

Суу Арал тилкесиндеги (Каражыгач токою) суу өткөргүчтөгү авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан