Америкалык окумуштуулар биринчи жолу Күн энергиясын космостон Жерге өткөрүштү. Бул тууралуу Caltech компаниясы расмий сайтында жарыялады.
Маалыматка караганда, космостук спутникте энергияны берүү үчүн микротолкундуу тор орнотулган. Ал Күндөн энергия чогултуп, аны электр энергиясына айландырган. Андан соң аны ультра так микротолкундар катары Калифорния университетинин чатырында жайгашкан кабыл алгычка өткөрүп берген.
Белгилей кетсек, бул технология менен чексиз сандагы космостук энергияны топтоп, аны планетанын каалаган чекитине жөнөтүү мүмкүн болот.