Ноокаттагы 65 гектар жерди мыйзамсыз берген аткаминерлер кармалды

Ноокат районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Атайын кызмат маалымдагандай, Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана А.Мирмахмудов айыл аймактарында жайгашкан 65 гектардан ашык жер аянтын жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлерин жер тилкелерине трансформациялоосуз жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

Бул факты боюнча Ош облусунун Ноокат райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери жоопкерчиликтен качуу максатында УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан.

Ушул жылдын 2-июнунда УКМК тарабынан Ноокат районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Н.М. жана жетектөөчү адис К.у.К. УКМКнын кызматкерине 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жатканда кармалышты.

Кармалгандар Ош шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо максатында жерди алдаган бир нече фактыларды документтештирүү боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан