Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылына фельдшердик пункт, жаштар окуу борбору жана мечит курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына элеттиктер билдиришти.
Белгилүү болгондой, социалдык имараттардын курулушуна кеткен 7 миллион 300 миң сомду толугу менен "Ассанабил" кайрымдуулук фонду каржылаган.
Имараттардын ачылышына фонддун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана элеттиктер катышты.