Кыргызстандык мушкер, украиналык “Украинские атаманы” жарым профессионалдык бокс клубунун мүчөсү Азат Усеналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларындагы кезектеги беттешин 11-январда өткөрөт. Бул тууралуу бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов билдирди.
Анын айтымында, Азат Усеналиев машыгып жаткан “Украинские атаманы” клубу 2014-жылы 11-январда Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларынын алкагында Алжир мамлекетинин командасы менен беттешет. Бул беттеште Азат Усеналиевдин рингге чыгары күтүлүүдө.
Эске салсак, Бүткүл дүйнөлүк бокс сериялары бокс боюнча клубдар арасында 10 олимпиадалык салмак категориясы боюнча өткөрүлөт. Мелдештин күчтүү мушкерлери “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына жолдомо алышат.