Франциялык чабуулчу Карим Бензема Сауд Арабиянын "Аль-Иттихад" клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 35 жаштагы "Алтын топтун" ээси буга чейин келишимдин негизги бөлүгүнө кол койгон жана жакында расмий билдирүү жасайт. Бенземанын келишими 2025-жылдын июнь айына чейин созулат.
Футболчу сауд арабиялык клубда жылына 200 миллион евро алат.
Карим Бензема "Реалдын" курамында 2009-жылдан бери ойноп келген. 2022-жылдын октябрында футболчу карьерасында биринчи жолу "Алтын топту" жеңип алган.