УКМК бийликти күч менен басып алууну көздөгөн деп бир нече адамды кармады (фото)

Өлкөдө массалык баш аламандык акцияларын жана масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө көмүскө даярдыктарды жүргүзгөн, андан кийин бийликти күч менен басып алууга аракет кылган адамдардын тобунун мыйзамсыз аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Алынган маалыматтардын алкагында сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө аракеттеринин комплекси жүргүзүлгөн жана чогултулган аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголду.

"Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында аталган кылмыштуу топ жыл бою өз катарына тарапкерлерди чакыруу жана өлкө боюнча эң нааразы болгон жарандарды тартуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөндүгү аныкталды. Такталгандай, негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучу катары жарандык активист жана “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрагасы Н.Р.С. экендиги аныкталды. Аталган жарандын жетекчилиги астында, бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоо менен тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн", - деп билдиришти УКМКдан.

Тергөөдө аныкталгандай, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн.

"Жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн. Бул аталгандар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн", - деп кошумчалашты УКМКдан.

Кечээ, 5-июнда УКМК 30дан ашык адам алынып келинди, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Н.Р.С. жана анын негизги шериктери Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А., күнөөсүн моюнуна алышкан.

Тинтүү иштеринин натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынган. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иштин башка жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2023-06-06 11:05:00
Азыркы бийлик Кыргызстанды карызга белчесинен батырды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан