Москвада мекендештеринен опузалап акча талап кылган кыргызстандыктар кармалды

Москвада опузалап талап кылуу жана өз мекендештерин уурдоого шектелип 6 Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 23-майында Орусия ИИМинин Москва шаарындагы Новогиреево райондук полициясына 37 жаштагы кыргызстандык кайрылып, анын жакын тууганын белгисиз адамдар уурдап кетип акча талап кылып жатканын билдирген. Барымтага алынган 25 жаштагы А.уулу.Н. жакындарынан 150 миң рубль которууну суранган.
"Жергиликтүү полиция кызматы ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уурдалган жаранды Головинское шоссе көчөсүндөгү батирлердин биринен тапты. Ал жерде кылмышкерлер Кыргызстандын дагы бир 23 жаштагы Н.Д. аттуу жаранын кармап турганы аныкталган. Андан 300 миң рубль талап кылышкан. Экөөнү тең сабап, тапанчага окшош буюм менен коркутушкан", - деп билдирди мекемеден.
Ага ылайык, Ысык-Көл жана Нарын облусунун 28 жаштагы Т. уулу А., 27 жаштагы И.А., 26 жаштагы М. уулу Э., 24 жаштагы Ж. Р., 23 жаштагы А. Б., 22 жаштагы Б. уулу А. аттуу тургундары кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын тиешеси бар дагы бир кылмыштын бети ачылганы айтылды. Ушул жылдын 10-майында ошол эле батирге 40 жаштагы Ж.А. атуу мекендешин күчкө салып кармап келип, 1 миллион рубль талап кылышкан.
Аталган фактылар боюнча Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча бөлүмү тарабынан Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин 2-бөлүмү ("Эркинен мыйзамсыз ажыратуу"), 163-беренесинин 2-бөлүмү ("Опузалап талап кылуу") жана 126-беренесинин 2-бөлүмү ("Адам уурдоо") менен кылмыш иши козголгон.
Сот тарабынан жогорудагы алты жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Камакка алынгандардын ушул сыяктуу башка оор кылмыштарга да катыштыгы текшерилүүдө. Учурда тергөө иштери уланып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан