Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, кар көчкү 5-июндан 6-июнга караган түнү түшкөн.
Учурда жол кызматтары жолду кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Түшкөн кар көчкүнүн көлөмү тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.