Ноокатта алтын чынжыр уурдоого шектелип 36 жаштагы өзбекстандык аял кармалды

Ноокат районунда уурулук кылууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 11-май күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Көк-Жар айыл аймагынын М.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал Ноокат шаарындагы базарда жайгашкан дүкөнүнөн баасы отуз миң сом болгон алтын чынжырын (цепочка) белгисиз жаран уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары Өзбекстандын Фергана шаарынын 36 жаштагы Ю.Д. (аял киши) аттуу жараны кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, жабырлануучуга келтирилген зыянды толугу менен кайтарып берген.
Учурда шектүүнүн дагы башка иштерге катышы бар же жоктугу текшерилүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан