
Бишкектен Чеченстандын борбору Грозныйга авиакаттам жанданат. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропорту маалымдайт.
Белгиленгендей, Орусиянын "Уральские авиалинии" авиакомпаниясы 15-июндан тарта Грозный-Бишкек-Грозный багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт.
Каттамдар жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү аткарылат.