Төртүнчү даражадагы рак менен күрөшүп келген Дилбара Асанакун кызы жардамга муктаж экенин айтып SUPER.KG порталына кайрылды.
Анын эки уулу бар. Уулдарынын кичүүсү 8де болсо, улуусу 14 жашта. Дилбара айымды жаңы төрөлгөндө эле ата-энеси бирөөнүн эшигинин астына таштап кеткен. Ал эми аны багып алган ата-энеси кайтыш болуп калган. Бул дүйнөдө жалгыз экенин, эч кандай жакын тууганы жок экенин билдирген Дилбара айым, эки баласы үчүн жашашы керектигин айтат. Анткени аларды карай турган андан башка эч ким жок.
"2016-жылдан бери ичегиден залалдуу шишик илдети менен күрөшүп келем. 1-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жаранмын. Буга чейин 6 жолу операция болуп, 11 жолу химиянын курсун алдым. Ал эми колостома жана мочеприёмник менен жүргөнүмө 7 жылдан ашты. Ушунча убакыттан бери ажатканага табигый жол менен бара албайм. Абалыма байланыштуу эч жерде иштей да албайм.
Мамлекеттен ай сайын 5500 сом жөлөк пул берилет. Бирок бул сумма, күнүмдүк тиричиликке жана балдарыма жетпейт. Жашап жаткан үйүбүз үчүн айына 20 миң сом төлөйбүз. Мындан сырткары мен дагы оорума байланыштуу дарыланууга жана дары-дармекке муктажмын. Албетте, эки баламдын да чыгымдары бар. Ден соолугум жакшы болгондо эки баламды эч нерседен муктаж кылбай чоңойтуп алмакмын деп ойлоп коём (жылмайып).
Ушул күнгө чейин ар кандай кайрымдуу инсандар жардам берип, кайра-кайра операция болуп, химия алдым. Ар тараптан колдоо көрсөткөн, үйүмө чейин келип, кабар алып, азык-түлүгүн таштап кеткендер көп болду. Алардын ар бирине ыраазымын. Жумушка жөндөмүм жок болгону үчүн Кыргыз элине жардам сурап кайрылууга аргасыз болуп турам", - дейт Дилбара Асанакун кызы.
Дилбара Асанакун кызы 1989-жылы туулган. Учурда 34 жашта. Анын үй-бүлөсүнө кайрымдуулук жасоону каалагандар 0(709) 33 29 33 (өзүнүн номери) номерине кайрылса болот. MBank: 0509090716