Кадамжайда окуучулар кабылган жол кырсыгы. Министрлик бир нече кызматкерлерге жаза берди 

Кадамжайдагы жол кырсыкка байланыштуу “Өрүк-Зар” орто мектебинин директору А.Алимбаевге эскертүү берилип, тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Калбаев, соцпедагогдор А.Коргонова менен Г.Сабирова кызмат ордуларынан бошотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 9-а-б-класстарынын класс жетекчилери Г.Закирова менен А.Үрүстөм кызы Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн 2023-жылдын №01-09/9 буйругун аткарбагандыгы, “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына каршы жасаган иш-аракеттери жана окуучулардын ден соолугуна доо кетиргендиги, өмүрлөрүнүн коопсуздугун сактабагандыгы үчүн иш ордуларынан бошотулду.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-июнунда Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары Hyundai Porter автоунаасы менен жол кырсыгына кабылган.

Окуучулар мектепте класс жетекчилери Г.Закирова жана А.Үрүстөм кызы менен виньеткага сүрөткө түшүп, андан соң Өрүк-Зар айылынын спорт аянтчасында сүрөткө түшүү үчүн бара жатышкан. Автоунааны 9-Б класстын класс жетекчиси А.Үрүстөм кызы айдап бара жаткан. Жолдо автоунаанын тосмосу сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн.

Кырсыктан 9 окуучу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кыздардын абалы жакшы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан