"Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасы учурда сугат суу үчүн ирригациялык лотокторду орнотуу иштерин аяктап жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасы №6, 8, 11, 4-кичи райондорго Б2-2 үлгүсүндөгү сугат темир-бетон ирригациялык лотокторун орнотту. Аталган лотоктор секундасына 35-40 литр суу өткөрүүгө жөндөмдүү.
Белгилей кетсек, орнотулган лотоктун жалпы узундугу 564 погондук метрди түзөт. Мындан тышкары калаа мэриясы шаар тургундарынан магистралдык каналдарга, ирригацияларга жана коллектордук-дренаждык түйүндөрдөргө таштанды таштабоону суранды.