Талас районунун Кум-Арык айылында белгисиз жаран тарабынан 1 даана компьютер жана 5 килограмм эт уурдалган учур катталды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, милицияга Кум-Арык айылынын 1988-жылы туулган К.Т. аттуу тургуну арыз жазган. Ал анда белгисиз жаран үйдүн терезесин сындырып киргенин жана бөлмөдөгү 1 даана компьютер менен 5 килограмм эти уурдалганын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-аракеттин натыйжасында Бакай-Ата районунун 1996-жылы туулган Р.С. аттуу жараны кармалган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.