Ысык-Көлдө жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кеп жакында эле президент Садыр Жапаров "Ысык-Көлдө инвестордон акча талап кылды" деген Урмат аттуу жергиликтүү кеңештин депутаты туурасында жүрүп жатат.
Ал Чолпон-Атага мейманкана кура турган инвестордон 12 миң доллар алып, алдап кеткен деп шектелүүдө.
"Мейманкананы куруу үчүн инвесторго кошумча жер тилкеси керек болуп, коңшу жер тилкеси боюнча соттук териштирүү жүрүп жатканын билбестен сөз болуп жаткан депутатка кайрылган. Ал эми шаардык кеңештин депутаты инвесторго соттук териштирүү жана жер тилкеде курулуш иштерин жүргүзгөндүгү боюнча жалган маалымат берип, инвестордун ишенимине кирүү менен бул чыгымдардын ордун толтурууну сунуш кылган. Натыйжада шаардык кеңештин депутаты А.У. инвестордон 12 000 доллар акча каражатын алдоо жолу менен алганы аныкталган", - деп билдирилген маалыматта.
Буга байланыштуу кылмыш иши Ысык-Көл ОИИБинин тергөө кызматынын өндүрүшүнө алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинен ("Опузалап талап кылуу") 209-беренесине ("Алдамчылык") кайра квалификацияланган.
5-июнда А.У. кармалып, Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген. Милиция козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланып жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, Чолпон-Атада мейманкана курууну көздөп жаткан инвесторго бут тосуп, акча алган шаардык кеңештин депутаты тууралуу 30-майда Садыр Жапаров айтып чыккан. Анда Жапаров жергиликтүү кеңештин депутаты инвестордон 1 миллион сом алганын билдирген.