Өлкөгө биринчи жолу мамлекеттик сапары менен бүгүн, 6-июнда Катар мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аны эл аралык "Манас" аэропортунан өлкө башчы Садыр Жапаров тосуп алды.
"Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди. Аэропортто көчмөн элдин өзгөчөлүгүн көрсөткөн ички жасалгалары менен боз үй шекилинде инсталляция орнотулду. Улуттук кийимчен эркектер бүркүтчү жана тайганчынын катышуусунда салттуу маданияттын элементтерин көрсөтүштү. Бул маалда ансамблдин артисттери кыргыздын улуттук бийлерин аткарып турушту. Катардын эмирин аттары менен 10 чабандес жигиттер жана "Алптар" баатырлары тосуп алышты", - деп айтылат билдирүүдө.
Садыр Жапаров жана Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани кыргыз артисттеринин, элдик жана фольклордук-этнографиялык жамааттардын катышуусундагы концерттик программаны көрүштү. Катардын эмири улуттук маданиятка, кыргыз боз үйүнүн жасалгасына, таза кандуу кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрүнө болгон кызыгуусун жашырган жок.
Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери эртең, 7-июнда тар жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.
Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүп жатканы кошумчаланды.