Бүгүн, 6-июнда Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында жайгашкан №73 809 аскер бөлүгүнүн жоокери куралга этиятсыз мамиле кылып, октон жаракат алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаракат алган аскерге борбор калаадагы клиникалардын биринде операция жасалды.
Учурда анын абалы канааттандырарлык экендиги кошумчаланды.