Мамлекеттик бажы кызматы ушул жылдын май айына карата республикалык бюджетке иш жүзүндө 9,6 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды.
Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, коюлган план 122,5 пайызга аткарылган, же 1,8 миллиард сомго ашыгы менен чогултулган.
2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 5,6 миллиард сомго көбөйдү, же өсүү темпи 244,1 пайызды түздү.