Токмокто 76 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, министрликтин 3 куткаруучусу Шамшы көчөсүндө жайгашкан үйдүн 93-батиринин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 1947-жылы туулган Г.И. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.