Аткылоодон улам талкаланган Каховск ГЭСин оңдоо мүмкүн болбой калды

Украинанын Жаңы Каховка шаарынын башчысы Владимир Леонтьев Каховск ГЭСин оңдоого мүмкүн эместигин, аны кайра курууга туура келерин билдирди.

"Албетте, ГЭСти оңдоого мүмкүн эмес. Мен ойлойм, бул ГЭСти 50-жылдары курулган сыяктуу, биздин жеңишибизден кийин кайра курууга туура келет", - деген Леонтьев "Россия 24" телеканалынын эфиринде.

Шейшембиге караган түнү аткылоолордун натыйжасында ГЭСтин курулуштары талкаланган. Бул Каховка суу сактагычынан ылдыйкы агымдагы суунун көзөмөлсүз агып чыгышына алып келди. Суунун деңгээли көтөрүлүүдө, жергиликтүү калк эвакуация болууда.

Каховск ГЭСи 1950-жылдардан бери иштеп келген. Ал кургакчыл түштүк райондорду электр менен жабдуу, ирригация жана суу менен камсыздоону жөнгө салып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан