Айтматов проспектисиндеги мыйзамсыз курулган объектилерди алуу уланууда (фото)

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы мыйзамсыз курулган объектилерди бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, аталган проспектте жалпы аянты 15 чарчы метрди түзгөн өз билемдик менен орнотулган кирүүчү 3 эшик алынды.

Ошондой эле эскертүү баракчасы берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ыктыярдуу түрдө жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн 2 объект буздурулуп, 6 чарчы метр болгон күркө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан