Бишкектин көчөлөрүн жарыктандыруу иштери улантылууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдиришти.
Маалыматта Абдымомунов көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө көчө чырактары жаңыланды. 13 метрлик чырактардын ордуна чоюндан жасалган 12 метрлик чырактар орнотулду. Жаңы алмаштырылган чырактар заманбап жана энергияны да үнөмдөөрү тууралуу айтылат.
Көчө чырактарын жаңылоо боюнча иштер улантылат.