"Мөңгүлөр эрип кетпейт". Шакиев таза суу маселесин талкуулоо максатсыз экенин айтты (видео)

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүнкү жыйында парламентте таза суу маселесин талкуулоо маанисиз экенин билдирди.

Жыйында Шакиев парламенттин аз эле убактысы бар экенин, мыйзам долбоорлору каралбай калып жатканын айтты.

"Урматтуу депутаттар, биз айтып жаткан маселелер абдан ооручундуу. Анткен менен, биздин негизги милдетибиз мыйзам чыгаруу. Биз ушул көйгөйлөрдү аткаруу бийлигинен тартып алып, карай турган болсок бизде аз эле убакыт калды, көптгөн мыйзам долбоорлору каралбай калат.

Эгерде туура көрсөңүздөр комитеттин алкагында, фракцияларга чакырып ошол жерден уксаңар. Ал эми эки күндүк пленардык жыйында чарбалык маселелерден алыс болсок. Себеби, убакытты үнөмдөбөсөк толтура мыйзам долбоорлору каралбай калат", - деди Шакиев.

Өз кезегинде депутат Дастан Бекешев элде суу жок болсо мыйзам долбоорунун кереги жок экенин айтты.

"Анда эртең ар түрдүү маселелердин ордуна карайбыз. Бирок, бир нерсени туура түшүнөлү, быйыл күн суук болуп, мөңүлөр эрибей, жылдагыдан суунун аз келип жатканын билебиз. Биз бул жерде караган менен суу көбөйүп, мөңгүлөр эрип кетпейт да", - деди Шакиев.

"Мөңгүлөр эрип кетпейт". Шакиев таза суу маселесин талкуулоо максатсыз экенин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Таксист бала
2023-06-07 13:04:00
Ушул Шакиев деген бирди Коро турган болуп калды. Шиши толуп калыптыр. Президентти ушундайлар уят кылып атышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан