
Аскер институтунун курсанттары 17-апрелден баштап жогорулатылган стипендия ала башташты. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин токтомунун негизинде Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынын стипендиясы жогорулатылган.
Белгилей кетсек, аскер курсанттары буга чейин 500 сомдон стипендия алышкан. Бүгүнкү күндө окууда жетишкендиктерине жараша 4 миң сомдон 8 миң 500 сомго чейин алышууда.
Мындай стипендияны 2-курстан жогору ала алышат. Мында жалаң "5" деген баага окугандар — 8 миң 500 сом, ал эми 3, 4кө окуган курсанттар - 4 миң-6 миң сом алышат.