Атайын кызмат өз өлкөсүндө экстремизм үчүн издөөдө жүргөн чет элдик аялды кармады

УКМК издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жаранын кармады. Бул тууралуу атайы кызматтын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта УКМК тарабынан ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган К.А. аттуу чет мамлекеттин жараны кармалганы айтылат.

Белгиленгендей, ал “Экстремисттик коомчулукту уюштурууга” катышкандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн. Ал эми Кыргызстандын аймагында айыптоодон жашырынып жүргөн.

Көрүлгөн чаралардын негизинде Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык кармалган жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда УКМК тарабынан анын Кыргызстандын аймагында жашырууга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан