Бишкектеги суу көйгөйү: Дастан Бекешев парламентте мэрдин маалыматын угууну сунуштады

Бишкектеги суу көйгөйү боюнча калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров парламентте маалымат бериши зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүн, 7-июнундагы жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешев билдирди.

Айтымында, көйгөй убагында чечилбесе, шаардыктардын нааразычылыгы күчөйт.

"Мен бул маселе боюнча 3 жумадан бери айтып келе жатам. Бирок бир дагы жылыш жок. Бул көйгөй боюнча мэрияда отурум болбойт, өкмөт да карабай жатат. Же кененирээк маалымат берилбейт. Суу көйгөйү чечилбей эле, күн сайын оорлошуп бара жатат. Мэрдин жообун Жогорку Кеңештин жыйынында укпасак эл сөзсүз түрдө көчөгө чыгат", - деди Бекешев.

Дастан Бекешев парламентте калаадагы суу маселесин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан