Биз социалдык тармакта

Прокуратура кызматкери өлкөгө Lexus GX унаасын мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган жеринен кармалды (фото)

Кыргызстанга кымбат баалуу Lexus GX үлгүсүндөгү унааны алып кирүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу УКМК билдирет.

"5-июндан 6-июнга караган түнү Лейлек районунун Раззаков шаарында жасалма номер тагылган автоунаа аныкталган. Ыкчам маалыматтар боюнча, ал коңшу мамлекеттин аймагынан мыйзамсыз айдалып келген", - деп айтылат билдирүүдө.

Унааны башкарып келаткан жаран өзүн Нарын облусунун прокуратурасынын кызматкеримин деп тааныштырган. Ал Лейлек районунун А.Д. аттуу тургуну экени айтылды.

Учурда УКМК облустук прокуратура менен биргеликте тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан