Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары 25 миң сом пара менен кармалышты (видео)

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, ушул жылдын 31-майында Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С. жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты С.Н. 25 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалган.

Алар ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, ээлеген кызматына шайкеш келтирүү маселесин шаардык кеңештин отурумуна алып чыгам деп коркутуу жолу менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен 25 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, айып тагылган.

Соттун чечими менен депутаттар атайын кызматтын тергөө камак жайына 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан