Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгына узундугу 10 чакырымга жеткен таза суу өткөрүүчү түтүк орнотулууда. Анын жыйынтыгында жергиликтүү калк 24 саат бою ичүүчү таза суу менен камсыз болот. Бул туурасында президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, курулушка “Дүйнөлүк Эмират” кайрымдуулук уюму көмөк көрсөтүүдө. Долбоордун сметалык баасы 75 миң долларды түзөт.
План боюнча курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын сентябрында толугу менен аяктайт.
Долбоордун алкагында 1000 куб метрлик суу кампасын куруу да каралууда. Бул иштерге Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинен 3 миллион сом бөлүнөт.