Чүйдө 13 жаштагы кыз жана анын 3 жашар иниси дайынсыз болууда

Чүйдүн Сокулук районунда дайынсыз жоголгон бир туугандар изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалымдалгандай, милицияга 13 жаштагы Айсезим Арзыматова жана 3 жаштагы Алинур Арзыматовдун туугандары кайрылып, эже-ини 4-июнда Ново-Павловка айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип, табууга көмөк көрсөтүүнү суранышкан.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, арыкчырай, ак жуумал, чачы ийининен, кара;

Кийимдери: кара-боз түстөгү свитер, кара түстөгү классикалык шым, ак түстөгү спорттук бут кийим.

Алардын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылса болот: 03134 5-33-80 (нөөмөт бөлүмү), 0558 86-14-86 (издөө тобу).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан