"Бакай Банк" “Тазалык” ишканасына кайрадан демөөрчүлүк көмөк көрсөттү

“Бакай Банк” кайрадан “Тазалык” муниципалдык ишканасына демөөрчүлүк колдоо көрсөттү. Бул жолу ишканага атайын кийимдерден тышкары керектүү жабдуулар, ошондой эле электроскутер тартууланды.

“Бакай Банк” башкармасынын төрайымы Нургүл Сатарова банк “Тазалык” ишканасынын ишине ар дайым байкоо салып турарын белгиледи.

"Социалдык тармактардан ишкананын башчысы участокторду ижарага алынган самокат менен кыдырып жүргөндүгүн көрүп, ага электроскутер белек кылууну туура көрдүк. Электроскутердин жардамы менен “Тазалык” ишканасынын башчысы шаардыктардын өтүнүчтөрү жана билдирүүлөрү боюнча аракеттерди ыкчам көрүп, бара турган жерине экологиялык таза транспорт менен кыска мөөнөттүн ичинде жетип, борборубузду тазалоо иштерине ыкчам көзөмөл жүргүзө алат”, – деди Сатарова.

Банк мындан тышкары ишканага таштандыларды алып чыгуу менен алектенген кызматкерлер үчүн атайын тигилген униформалардын 120 комплектин тапшырды.

Жогорудагылардан тышкары, ишканага таштанды ташуучу автоунаалардын нөөмөткө чыгуучу айдоочуларына медициналык ырастоо жүргүзүү үчүн пайдаланылчу алкотестор тапшырылды. Мурда ишкананын алкотестору жок болчу.



Ошондой эле Сатарова униформаларды тигүү үчүн Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун тигүү ишканасына буюртма беришкенин кошумчалады.

"Кийимдер бышыктыгы, чаңга жана нымга туруктуулугу менен айырмаланат.Бул абдан маанилүү, антени таштанды ташуучу унаага тиричилик таштандыларын жүктөө менен алектенишкен адамдар татаал шарттарда иштешет", - деди ал.

Нургүл Сатарова мындан ары да алар менен кызматташууну улантышарын билдирди.

"Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомуна колдоо көрсөтүү дагы биз үчүн маанилүү болуп саналат. Биз тапшырык кылган кийимдерди өз учурунда жана сапаттуу кылып тигип беришкендиктери үчүн аларга ыраазычылык билдиребиз” – деди ал.


“Тазалык” ишканасынын директору Рамис Алиев көмөк көрсөткөндүгү үчүн “Бакай Банкка” ишкананын жамаатынын атынан ыраазычылык билдирди.

Буга чейин банк түнкүсүн шаардын жолдорун, көчөлөрүн ирээттеген “Тазалыктын” кызматкерлери үчүн атайын тигилген, жарык чагылдыруучу чыптамалардын 500 комплектин белек кылган. Ишкананын кызматкерлери ага чейин автоунаалардын жарыгында жакшы көрүнбөгөн, алардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген эски чыптамаларды кийип иштешчү.

Белгилей кетсек, муниципалитетке демөөрчүлүк жардам көрсөтүү саамалыгы “Бакай Банктын” юбилейлик жылына арналып уюштурулган “25 жылда – 25 жакшы иш” иш-чарасынын алкагында өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан