Баткенде “Жаштык” жана “Жеңиш" сейил бактары оңдолот. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирет.
Белгиленгендей, учурда калыбына келтирүү иштерине даярдык көрүлүүдө.
Парктардагы айрым объектилер демонтаждалып жатат. Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашат. Донор бул максатта 44 миллион сом бөлүп берүүдө.