Бишкекте шаар тургундарын суу менен камсыздоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйынга борбор калаанын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, райондордун акимдери, шаардык чарба департаментинин, «Бишкексууканал» башкармалыгынын, «Бишкекжашылчарба», «Бишкексуучарба», «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Анда "Киргизия" конушунда жана №10 кичирайонунда таза суу боюнча абал турукташканы, «Арча-Бешик» конушунун тургундарын суу менен камсыз кылуу үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан суу ташуу иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.Ошондой эле Айылчиев көчөсүн бойлой Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл баатыр көчөсүнө чейин узундугу 1000 погон метрди түзгөн суу түтүгүнүн курулушу аяктап жатканы кабарланды.
Кошумчалай кетсек, суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында, 7 суу топтомуна Чоң-Алыш каналы аркылуу 550-600 л/с көлөмүндөгү суу берилүүдө.