Бишкекте дзюдо боюнча Азия кубогу өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдайт.
Белгиленгендей, спорттук иш-чара 10-11-июнь күндөрү уюштурулат. "Эр Жанек" аталышындагы ачык Азия кубогу эркектер жана кыз-келиндер арасында өтөт.
Мелдешке тогуз өлкөдөн тагыраак айтканда, Беларусь, Казакстан, Литва, Непал, Түркмөнстан, АКШ, Өзбекстан жана Кыргызстандан 200дөн ашык спортчу катышат.
Анда Кыргызстандын намысын 62 спортчу коргоп, алар жети салмак категориясында беттешке чыгат.
Азия кубогунун жеңүүчүлөрү 2024-жылы Парижде өтө турган XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарына лицензиялык беттештерге упай топтошот.