Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Винсовхоз айылында чыккан өрттүн кесепетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта А.Нураков №1 көчөсүндөгү жайгашкан жалпы аянты 308 чарчы метрди түзгөн чайкана толугу менен күйүп кеткени айтылат. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, таңкы саат 05:01де жалын толугу менен өчүрүлгөн.
Куткаруучулар кырсык болгон жерден 59 жана 87 жаштагы кишилердин сөөгүн табышкан. Каза болгон тургундардын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.