Кемпир-Абад суу сактагычына 19 жаштагы жигит чөгүп кетти

Кемпир-Абад суу сактагычына 19 жаштагы жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Айгыржал айылындагы Кемпир-Абад суу сактагычына 2004-жылы туулган жаран чөгүп кеткен.

Кырсык катталган жерге 10 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар тарабынан табылган жигиттин сөөгү суудан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан