"Ысык-Көл пароходствосунун" Балыкчы филиалында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип директордун орун басары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Кыргызкөмүр" ишканасынын Балыкчы филиалында көмүр эсептен чыгарылып, сатылып кеткен. 2021-2023-жылдар аралыгында 6 362 миң тоннадан ашык көмүр тартыштыгы байкалган. Бул 18 миллион 995 миң сомду түзгөн.
Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз эсептен чыгаруунун жана туунду компаниялар менен мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө мыйзам бузуулардын фактылары аныкталган.
7-июнда жүргүзүлгөн тинтүү учурунда кылмыш иши үчүн маанилүү болгон документтер жана ок атуучу куралдар, ошондой эле транспорт каражаттарынын жасалма номерлери табылган.
УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш жасаган деген шек менен филиалдын директорунун орун басары У.Т. кармалган.
Учурда иликтөө иштери жүрүп, келтирилген зыяндын бардык көлөмүн жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүп жатканы кошумчаланды.