Бүгүн, 8-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 768 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти.
"Суунун агып келиши секундасына 718 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 440 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.
2022-жылдын 8-июнуна карата суунун көлөмү 10 миллиард 863 миллион куб метрди түзгөн.