14-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул туурасында "Бишкек суу канал" ишканасы маалымдайт.
"Тунгуч кичи району, Рухий-Мурас турак жай конушу, Кырман-44 гектар жаңы конушунда саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык объектилерде таза суу берүү токтотулат", - деп айтылат билдирүүдө.
Ишканадан өчүрүү "Сельский" суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу экенин кошумчалашты.