Нью-Йорктун мэри элди үйлөрүнөн чыкпоого чакырды

Канададагы өрттөн улам АКШнын бийлиги жарандарына бет кап тагынууну сунуштоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Бүгүн, 8-июнда эртең менен Нью-Йорк шаарынын абасы “эң булганыч” деп табылып, өкмөт жарандарына бет кап тагынып жүрүүнү, зарыл болбосо сыртка чыкпай турууну сунуштоодо. Канададагы токойлордун өрттөлүүсү Торонто, Оттава, Нью-Йорк жана Вашингтондо абанын булганышына алып келүүдө.

Канада өкмөтү өрттүн кесепетинен абанын булганышын адамдардын ден соолугу үчүн, өзгөчө дем алуу органдарынын оорулары менен жабыркагандар үчүн өтө кооптуу деп айтууда.

Учурда Нью-Йорк жана Вашингтондо мамлекеттик мектептер убактылуу токтотулуп, ал эми Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс кырдаал курчушу мүмкүн экенин эскертип, коомчулукту үйлөрүнөн чыкпоого чакырды.

АКШ болсо Канадага токой өртүнө каршы жардам жөнөтүп жатканын, атайын учактар ​​менен жабдылган америкалык 600дөн ашык өрт өчүргүчтөр канадалыктарга жардам катары жөнөтүлгөнүн билдирди.

Белгилей кетсек, учурда Канадада 414 токой өртү катталып, анын 239у көзөмөлдөн чыгып кеткен. Учурда 20 миңден ашуун жаран эвакуацияланган.

Канададан чыккан өрттөн улам АКШнын абасын булганууда (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2023-06-09 08:04:00
Кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан