Баткенде оруп-жыйноо иштери башталды 

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, быйылкы жылда облус боюнча 26 миң 786 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген болсо, анын 6093 гектары күздүк эгин, 20 миң 693 гектары жаздык эгин.

Учурда түшүмдүүлүк гектарына 28 центнерден алынууда.

Белгилей кетсек, дыйкан фермерлерге жаз алды менен сапаттуу, түшүмдүүлүгү жогору үрөндөр сунушталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан