Бишкекте №47 колониянын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык уюмдан билдиришти.
Кабарлангандай, учурда жеринде пайдубал тургузуу жана дубалдарды куруу иштери кызуу жүрүүдө.
Эске салсак, 8 гектардан ашык жерде жалпысынан 5 миң батирден турган 11 көп кабаттуу үй пайда болот. Комплексте өзүнүн бала бакчасы, мектеби, унаа токтотуучу жайы жана жеке буу казаны каралган.