Түндүк Кореянын президенти өзүн-өзү өлтүрүүгө тыюу салып, аны “социализмге чыккынчылык” деп атады. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 2023-жылы өлкөнүн жашоочулары арасында өз жанын кыюу фактыларынын көбөйүшүнө каршы күрөшүү үчүн жергиликтүү бийликтерден «алдын алуу чараларды көрүүнү» талап кылган жашыруун буйрук чыгарган.
Түндүк Кореянын лидери өзүн-өзү өлтүрүү “коомдо кабыл алынган социализмге чыккынчылык” экенин, коомду бузуп, жогорку социалдык таасирин тийгизе турганын билдирген.
Reuters агенттиги айрым булактарга таянып, 2023-жылы Түндүк Кореяда өз жанын кыйгандардын саны былтыркыга салыштырмалуу 40 пайызга көбөйгөнүн кабарлаган. Ал эми адамдардын мындай кадамга баруусуна себеп болгон факторлор катары ачарчылык, жакырчылык жана жакындарынан узак убакытка алыста болуу экенин кошумчалаган. Ошондой эле маалыматта аталган өлкөдө үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары өз жанын кыйган учурлар аз эмес экени баяндалган.