Кыргызстанда жакында улуттук валютанын банкноттору басылып чыгарыла баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда улуттук валютанын киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, учурда керектүү техникалар алынып жатат.
"Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп, керектүү техника алынды. Биз аны сөзсүз ишке киргизебиз"- деди Жапаров.
Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз банкнотторун франциялык жана англиялык компаниялар басып чыгарчу.