"Супер концертте "Жашырасың" деген ырым үчүн атайын тигилген костюмду кийип чыгам. Аны стилист Замира Молдошева алгач ырымды угуп, анан тигип берди. Буюрса, даярдык күч. Бирок бул чыгармама өзүм добуш берген жокмун. Анткени мен үчүн элдин сыны маанилүү" деп билдирди ырчы Съездбек Искеналиев бүгүн, 11-декабрда.
Эске салсак, ырчы "Жылдын мыкты саундтреги" наамына "Жашырасың" ("Карт бойдок" тасмасына) аттуу ыры менен ат салышууда.
Белгилей кетсек, "Супер концерт-2013" 13-14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.