10-июнда күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36,
Талас жергесинде түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +13…+15, күндүз +25…+30,
Нарын дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30,
Бишкекте түнкүсүн +21…+23, күндүз +33…+35 градус болот.