Бишкекте 55 миллион сомдук контрабандалык тамеки сакталган кампа табылды

Бишкекте милиция кызматкерлери 55 миллион сомдук контрабандалык тамекилерди аныкташты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын Фучик көчөсүндө жайгашкан кампаларда контрабандалык товарлар - акциздик маркасы жок ар кандай түрдөгү тамекилер сакталып турганы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо) фактысынын негизинде кылмыш иши козголгон.

"Кылмышка шектүүлөрдү кармоо жана буюм далилдерди табуу боюнча ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, 55 миллион сомдук акциздик маркасы жок 550 миң тамеки салынган миңден ашык кутучалар табылып, алынды. Товарлар шаардын ар кайсы бөлүктөрүнө, анын ичинде "Берекет" соода борборуна сатуу үчүн ташылган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан