
Бүгүн, 10-июндан тарта Ош-Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашуу тоннелинин ичинде жолдорду оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу тоннелинин 129-500-чакырымынан тартып 129-750-чакырымына чейинки аралыктагы жолдун бир бөлүгүндө оңдоо иштери башталды. Оңдоо иштери 30-июнга чейин уланат жана буга байланыштуу маал-маалы менен унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип турат.
Саат 05:00дөн 08:00гө чейин;
Саат 10:00дөн 12:00гө чейин;
Саат 14:00дөн 16:00гө чейин.